Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-августу № 12
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII -чакырылышынын X-кезектеги сессиясында, Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевдин сунушун угуп, талкуулап VII-чакырлышынын X-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айыл аймагынын Эчкили тоосундагы таштандыларды таштоочу жайга жеке менчик Газ- 53 автоунаасы менен төгүүгө 50 сом, Камаз автоунаасы менен 100 сом акча каражатын төлөп берүү жагы автоо унасынын ээлерине милдеттендирилсин.
2. Айылдан сырткары тургундарга Ак-Дөбө айыл аймагына тиешелүү территориясына таштандыларды тогүүгө тыю салынсын
3. Айылдан сырткары таштандыларды төккөн жарандарга 5000 (Беш миң) сом айып пул салынсын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы Ж.О.Орозбаевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
6. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Джумакулов |