Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-декабры № 1
Cакалды айылдык кеӊешинин Типтүү этикалык кодексин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 27-июлундагы 01-18/89 сандуу буйругун аткаруу максатында күн тартибине коюлган маселени угуп жана талкуулап чыгып,Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү кеӊештин депутаты наамынын коомдогу социалдык маанисин,аброюн жогорулатуу,депутаттардын жергиликтүү кеӊештердеги ишмердиктериндеги,шайлоочулар менен өз ара мамилелериндеги мамлекеттик органдар,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,юридикалык жана физикалык тараптар менен өз ара мамилелериндеги жана өз алдынча чыгып сүйлөөдөгү этикалык эрежелерин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеӊештеринин Типтүү этикалык кодексинин негизинде иштелип чыккан Сакалды айылдык кеӊешинин депутаттарынын этикалык кодекси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом тиркемеси менен Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий вэб сайтына жарыялангандан соӊ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сакалды айылдык кеӊешинин мыйзам жана этика маселелери боюнча туруктуу комитетинин төрагасы А.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Бекназаров |
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII
чакырылышынын 2018-жылдын 5-декабрындагы
кезектеги XVII сессиясынын№ 1 токтому менен
бекитилди.
Сакалды айылдык кеӊешинин депутаттарынын этикалык кодекси
Бул Кодекс Сакалды айылдык кенешинин депутаттарынын сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика - бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк жүрүм-турум нормаларынын жыйындысы.
Ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
1. Жалпы жобо
1.1 Жергиликтүү кеңещтердин депутаттары (мындан ары – депутаттар) Сакалды айыл аймагынын калкынын өкүлү катары өзүнүн ишмердүүлүгүндө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык – экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуусу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын жана анын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жергиликтүү кеңешинин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүшөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учурларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана Сакалды айыл аймагынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
2. Сакалды айылдык кеӊешинин депутаттарынын ишмердүүлүгүнө тийиштүү депутаттык этиканын эрежелери
2.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп- үркүтүү, кескин талаптарды коюу жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай иштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.
2.2. Ар бир депутат жергиликтүү кеңешке иштиктүү кызматташтык жана өз ара колдоо, ак ниеттүү жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.
2.3. Депутаттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теңчиликтин негизинде жана эркин жамааттык талкуулоо принцибинде чечим кабыл алып, ар түрдүү пикирлерди сыйлоо менен, чыр-чатакка жеткирбей, пикир келишпестиктерди талкуулоо менен чечүү жолдорун табуу менен жүргүзүү керек.
2.4. Депуттаттар бири-бирине жана жыйындар өтүүчү залдагы бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрылуу керек. Ыгы жок теңтушсунуп жана тоготпостук менен кайрылууларга жол берилбейт. Жергиликтүү кеңештин сессия жана комиссиялары өтүп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде кийинүү керек.
2.5. Депутаттар чыгып суйлөөрдүн алдында өзүнүн айта турган сөзүн даярданып суйлөш керек. Талкууланып жаткан маселе боюнча так жана багыттуу, жеткиликтүү тил менен, ар кандай мааниси жок сөздөрдү колдонбой сүйлөш керек. Депутаттарга жергиликтүү кеңештин жана комиссиялардын иши жүрүп жаткан учурда уюлдук телефон аркылуу суйлөшүгө тыю салынат.
2.6. Депутаттар, калктын кызыкчылыгын көрсөтүүдө башка депутаттардын ынанымына, салттарына, этикалык жана социалдык топтордун, диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүн сыйлоо жана чыдамдуулук менен мамиле кылуу керек. Этностор аралык жана конфессия аралык биримдикке жана тынчтыкка жардам берет.
2.7. Депутаттар жергиликтүү кеңештин тийиштүү комиссияларынын отурумдарына катышууга тийиш. Депутат жергиликтүү кеңештин отурумдарына жүйөсүз катары менен 3 (үч)жолу катышпаса депутаттык милдетин аткарбагандыгы тууралу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат.
Жүйөлүү себептер менен жыйындарга катышууга мүмкүнчүлүгү болбосо, депутат жыйынга чейин 2 күндөн кечиктирбей жергиликтүү кеңештин төрагасына маалымдап коюу керек.
Жүйөлүү себептерге депутаттын ооруп калуусу, командировкада жана эмгек өргүсүүндө болусу, маанилүү үй-бүлөлүк жагдайлар кирет.
2.8. Жергиликтүү кеңештин сессиясында каралып жаткан маселеде катышып жаткан депутаттын, же анын жакындарынын финансалык же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап, бул маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартышы керек.
2.9. Депутаттар өздөрү кабыл алган жергиликтүү кеңештин Регламентин, анын талаптарын жана тартипти сактоого чыгарган сессияда төраганын талаптарына баш ийиши керек. Жүйөлүү себепсиз сессияга, комиссиялардын ишине , депутаттык угууларга жана башка жергиликтүү кеңештин иш-чараларына кечикпей келиши керек.
2.9.1. Жергиликтүү кеңештин депутаттарына – отурумду үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразычылык көрсөтүү иретинде отурум өтүп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе да суйлөгөнгө, күн тартибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө, кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп жарууга болбойт.
2.9.2. Депутат жергиликтүү кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, туруктуу комиссиянын жана жумушчу топтордун ишине катышып жатканда отурумда төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга, аткаруу органын аппаратынын кызматкерлерине жана жергиликтүү кеңештин отурумунда катышып жаткан башка адамдарга сылык мамиле кылуу менен адептүүлүгүн көрсөтүп, сый урмат менен мамиле кылуусу керек.
2.9.3. Депутат орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди жасабашы керек.
2.9.4. Депутаттар депутаттык ишмердүлүгүн аткаруу учурунда жана аткарбай жүргөн убагында үчүнчү тараптан белектерди, акча түрүндө акы албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.
2.9.5. Депутаттар жергиликтүү кеңеште сый акы алып кимдир бирөөнүн кызыкчылыгынын сүрөмөлөөгө укуксуз
III. Депутаттардын шайлоочулар менен өз ара мамилелеринде депутаттын этикалык эрежелери
3. 1. Депутаттар өздөрүнүн округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек, депутаттар шайлоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар айыл аймагындагы бардык жашоочулардын кызыкчылыгын көздөйт.
3.2. Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы мамиле сый урмат, сылык мамиле жана жарандардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкластуулук менен жасалган мамиледен куралат.
3.3. Депутаттар өздөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо чараларды көрөт: шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдетүү.
3.4. Депутаттар шайлоочулардын алдында жылына бир жолудан кем эмес отчет берет, өзүнүн жергиликтүү кеңештин сессиясындагы отурумундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугушууларды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук, анык жана объективдүү болушу керек.
3.5. Депутаттар ай сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.
3.6. Депутаттар дайыма чыдамкайлыкты жана сыпай ,сылыктыкты көрсөтүүсү керек, айрыкча депутаттын ой-пикири менен шайлоочунун ой пикири дал келбей калган учурда.
IV. Депутаттын мамлекеттик органдар,айыл өкмөтү ,юридикалык жана физикалык тараптар менен өз ара мамилелериндеги депутаттык этиканын эрежелери
4.1. Депутаттар атайын ыйгарым укуктарга ээ болбогон учурда жергиликтүү кеңештин атынан чыгуусуна, анын атайын мамлекеттик аткаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын алдында расмий билдирүүлөрдү жасоого укугу жок.
4.2 Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыгына пайдаланбашы керек.
4.3. Депутаттар жергиликтүү кеңештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарды чечүүгө, расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдетүү.
4.4 Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткарууга байланышпаган учурда жергиликтүү кеңештин имаратын, телефондорун, автотранспорттук жана башка материалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.
4.5. Депутаттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурда белгилүү болуп калган маалыматтарды жайылтууга болбойт, эгерде ал маалыматтар:
- мамлекеттик,коммерциялык же кызматтык сыр болсо;
- жарандын жеке турмушу менен, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү менен байланыштуу болуп, аны жарыя кылбоо боюнча депутатка ишеним берилген болсо.
4.6. Депутат жарандардын жеке турмушу же үй-бүлөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердуүүлүгү боюнча жарыяланбай турган талаптарды атайлап же байкабастан олдоксон бузган болсо тараптардан кечирим суроосу керек.
4.7. Депутаттардын чет мамлекеттерге баруусундагы жүрүм-туруму Кыргыз Республикасынын жаранынын беделин жана депутаттык корпустун кадыр баркын көтөрүүгө багытталышы керек.
4.8. Депутат чет өлкөлөрдөгү сапарларында барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүн, салт-санаасын жана мыйзамдарын сыйлоосу керек, этиканы сактап, конфликттик кырдаалды болтурбоого милдеттүү.
V. Депутаттардын эл алдында чыгып сүйлөө этикасы .
5.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин отурумунда , депутаттык угууларда, жалпыга маалымдоо каражаттарындагы чыгып сүйлөөлөрүндө, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана жарандардын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген анык фактыларга гана таянышы керек.
5.2. Депутаттар эл алдында чыгып сүйлөгөндө же жалпыга малымдоо каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпай болуп, жарандардын, кызмат адамдарынын абийрин, ар-намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербеш керек.
5.3. Депутаттардын эл алдында чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрүндө такталбаган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын абийрин, ар-намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атайын же кандайдыр бир себептер менен аракет жасаса, депутат эл алдында кемчилигин мойнуна алуу менен алардан кечирим суроого милдетүү.
Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул бөлүм боюнча тартип бузуу жоопкерчиликке тартуудан бошотпойт.
VI. Депутаттын этикалык кодексин сактоо боюнча көзөмөл жана аларды бузгандыгы үчүн депутаттын жоопкерчилиги.
6.1. Депутаттардын депутаттык этикасы боюнча эрежелеринин сакталышын депутаттардын ишмердүлүгү жана этикасы боюнча Комиссия (мындан ары комиссия) көзөмөлдөйт Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү депутаттар тарабынан депутаттык этиканын сакталышы боюнча тийиштүү чаралардын көрүүгө милдетүү.
6.2. Депутаттык этиканын эрежелерин бузуу боюнча маселени Комиссия өзүнүн демилгеси менен же жергиликтүү кеңештин демилгеси боюнча карай алат.
6.3. Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо үчүн Комиссияга айыл аймагынын жашоочулары, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ишкана,уюмдардын жана коомдук уюмдардын , бирикмелердин өкүлдөрү арыз менен кайрыла алышат.
6.4. Депутаттардын этиканы бузгандыгы боюнча күнөөлөгөндө депутаттар Комиссияга кагаз жүзүндө документтерди көргөзүү менен негизделген каршылык көрсөтүүгө жана күнөөлөнгөндүгү боюнча оозеки түшүндүрмө бергенге укуктуу.
6.5. Депутаттардын ар намысына, кадыр баркына, ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар өздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.
6.6. Депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же сот органдарына ар намысын, кадыр баркын, ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт.
6.7. Комиссия депутаттын этикалык Кодексин бузуу боюнча маселени кароодо депутаттын этикалык Кодексин бузулгандыгы же бузулбагандыгы бар же жок экендигин анык деген чечим кабыл алат.
6.8. Депутаттардын этикалык Кодексин бузуу фактысы боюнча комиссиянын рекомендациясы боюнча каралат. Депутаттар тарабынан жергиликтүү кеңештин отурумунда ушул эрежелердин бузулуусуна карата жергиликтүү кеңештин Регламентинде белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.
6.9. Жергиликтүү кеңеште депутаттын этикалык Кодексин бузган адамга төмөндөгүдөй чаралар көрүлүшү мүмкүн:
- депутаттын этикалык Кодексине туура келбеген жүрүм турумун токтотууну сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат;
- депутаттын этикалык Кодексин бузган факты боюнча жалпыга маалымдоо каражаттар аркылуу округдун шайлоочуларына жана мүчөлүгүнө жараша саясий партиясынын башкаруу органына маалымдайт;
6.9.1. Ушул пунктта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо, Комиссия тарабынан этикалык Кодексин бузган депутатка чара көрүү маселеси жергиликтүү кеңештин сессиясына чыгарылат.
Жергиликтүү кеңеш депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын ала комиссиянын кароосу жок эле чечет. Этика Кодекси одоно бузулгандыгын жергиликтүү кеңеш аныктайт.
6.9.2. Депутаттын жергиликтүү кеңеште жана анын органдарына өз милдеттерин системалуу түрдө аткарбай жүргөн учурда, жергиликтүү кеңештин иштөө тартибин бузган учурда Комиссиянын алдын ала кабыл алган чечими менен жергиликтүү кеңеш шайлоочуларга депутаттын өз милдеттерин аткарууга болгон мамилеси боюнча билдирет.