Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-декабры № 2
Cакалды айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17- октябрындагы 01-18/126 сандуу буйругун аткаруу максатында күн тартибине коюлган маселени угуп жана талкуулап чыгып,Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы Токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17- октябрындагы 01-18/126 сандуу буйругунун негизинде иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу жобо №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет )
2. Сакалды айыл өкмөтүнүн алдында бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин .(тиркеме тиркелет)
3. Бул токтом тиркемеси менен Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий вэб сайтына жарыялангандан соӊ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сакалды айылдык кеӊешинин мыйзам жана этика маселелери боюнча туруктуу комитетинин төрагасы А.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Бекназаров |
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII
чакырылышынын2018-жылдын5-декабрындагы
кезектеги XVII сессиясынын № 2 токтомуна
№1 тиркеме .
Сакалды айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобо
1.Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары-Кодекс) каралган Сакалды айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын (мындан ары-Комиссия) түзүүнүн жана алар дын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия айылдык кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексин, башка ченемдик укуктуу актыларды жана ушул жобону жеткчилике алат.
5. Комиссия Кодексе каралган бузуулар боюнча иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6. Комиссия жергиликтүү кеңештин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын 1 жолу жылдын биринчи кварталында аткарган өз иштери туралуу отчет даярдап жергиликтүү кеңешке киргизет.
7. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык- техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражатардын эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби.
8. Комиссия так санда 5-11 адамдан түзүлөт жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.
9. Комиссиянын курамына төмонкүлөр кирет:
-жергиликтүү кеңештин депутаттары;
- муниципалдык кызматчылар;
- айыл аймактын чегинде жашаган жарандык коомдук жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү.
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми комиссиянын катчысы айыл өкмөттүн муниципалдык кызматчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
10. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнө 21 жашка толгон, атайын орто же жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны комиссиянын мүчөсү боло алат.
11. Төмөнкүлөр комиссиянын мүчөсү боло албайт.
- соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган соттулугу бар;
- акталбаган негиздер боюнча сотук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
- медициналык корутундуга ылайык ден-соолугунун абалы комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тосколдук кылган адам.
12. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңеш комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
13. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
- комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотууу туралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда.
- комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
- комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- Комиссиянын мүчөсү дайынсыз жоголду же өлдү деп табылганда;
- Комиссиянын мүчөсүнүн ден-соолугунун абалы анын ыйгарым укуктарын аткарууга тосколдук кылган учурда;
- Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр баркын кетирүүчү жоосун жасаган учурда;
- Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз республикасынын жарандыгын жоготкондо же башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
- Жергиликтүү кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөнөтү аяктаганда.
- жарандык коом же жергиликтүү жамаат өз өкүлүн кайра чакырып алганда.
14. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим каьбыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
15.Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулат.
16. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндө кеч эмес түзүлөт.
3. Комиссиянын ишинин тартиби.
17. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18. Комиссия бузуулар туралуу иштерди отурумдарда каралат. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата өткөрүлөт). Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
19. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
20. Бузуулар жөнүндөишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте каралайт.
22. Комиссия чечимди аныктама аркылуу же токтом түрүндө чыгарат.
23. Комиссия, бузуу жөнүндө ишти карап чыгып :
а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат;
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29 беренеси);
3) иш боюнча өндүрүштүү кыскартуу жөнүндө.
б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясында кирбей тургандыгы аныкталган кезде, ишти ведемстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
24. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөөгө ашырылат.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери.
25. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
26. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
27. Комиссиянын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө мидеттүү:
Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга;
бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
жүрүм- турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга.
Төмөндөгүдөгүлөргө укуктуу;
бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
Кодексте каралган башка укуктарга.
28. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары, төмөндөгүлөргө милдетүү:
- Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
- Комиссиянын отурумдарына төрагалык кылуу;
- Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
- Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана
токтомдорго), ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
- Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
29. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөнкүдөй укуктарга ээ:
өз компетенциясыгыг чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамалекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
ушул жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
30. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумдунда кароого алдын ала даярдоону уюштурат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
- ушул жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
31. Комиссиянын катчысы, комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
- өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
- Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- келип түшкөн материалдарды , билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде интернетте) жарыяланган кабарларды алат жана каттайт;
- бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комисия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
- Комиссиянын мүчөлөрүнүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду туралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
- Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;
- аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөнөттөрдө тапшырууну жана жөнөтүүнү камсыз кылат;
- Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
- Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
- бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктуу актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды дайардайт;
- отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;
- Кодекске жана ушул жобого ылайык башка да милдеттерди аткарат.
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссинын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
32. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү :
- бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, адвокатынын, күбөсүнүн, эксперттин, адистин, котормочунун туугандары болушса;
- иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыктар болушса, алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга укугу жок.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү.
33. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комисиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат;
34. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында анык жана так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комисиянын катчысы тартат.
35. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
36. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки 3 күндөн кем эмес убакытта жиберилиши керек. Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул туууралу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүгө милдетүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
37 Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөмдүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттуулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктиярдуу төөлөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн (кватанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускамасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга билдирет.
38. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, алардын төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштурулуп тигүүнү камсыздайт:
- бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
- отурумдун процессинде ишке кошулган , келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;
- белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
- ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар, токтомдор.
Баардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
39. Комиссия тарабынан каралган баардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номери каттоо журналындагы катар номерин жана келип түшкөн жылды камтыйт.
40. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
41. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн айыл өкмөтт бухгалтерия бөлүмү менен салыштырып, текшерип турат.
42. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:
- бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;
- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
- бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (4 тиркеме).
43. Журналдардын барактары номерленген көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана , көк же сыя түстөгү сыя ( паста) менен жазылат.
44. Журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивке тапшырылат.
45. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме уюмдарга жеке жарандарга же кызмат адамдарына Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.
Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII
Чакырылышынын2018-жылдын 5-декабрындагы
кезектеги XVII сессиясынын № 2 токтомуна
№2 тиркеме .
Сакалды айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы
1.Орозалиев Маматкасым – айыл өкмөттүн башчысынын орун басары ;
2.Орозалиев Хамзабек–айыл өкмөттүн адиси;
3.Ахмеджанов Кудратжан –айылдык кеңештин депутаты;
4. Турдалиев Азизбек – айылдык кеңештин депутаты;
5.Мамашов Азизбек – айылдык кеңештин депутаты;
6.Нишанбаев Авазбек – айылдык кеңештин депутаты;
7.Ибрагимов Абдыгапар -айылдык кеңештин депутаты;
8.Алымкулова Нурила –айыл өкмөттүн жооптуу катчысы;
9.Камбаров Зафар – Чек айылынын жашоочусу ;
10. Нышанкулова Барчинай –Бөбүй айылынын жашоочусу;
11.Назиров Авазбек –Сай –Бою айылынын жашоочусу.
Төрага Д.Бекназаров