Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-декабры № 3
Cакалды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине айрым өзгөртүүлөрдү киргизүүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн Кормоцех кичи айылынын жалпы инфраструктурасын жакшылоо максатында Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 4080 м ички жолдорду шагал төгүп тегиздөө, ЛЭП 04 кв электр чубалгыларын тартуу жумуштарынына ПСД даярдоо максатында айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 70000(жетимиш миӊ) сом акча каражаты ажыратылсын.Ал эми бул долбоор толук иштелип чыккандан кийин долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салым маселеси айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралсын.
2. Дем берүүчү грант тарабынан аткарыла турган №9 Паяз орто мектебинин чатырын,эшик,терезелерин алмаштыруудагы долбоордун өздүк салым катары эсептелген 1230000(бир млнэки жүз отуз миӊ) сом акчалай каражат айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен ажыратылсын.
3. Аримжан айылына спортту өнүктүрүү максатында Ноокен райондук өнүктүрүү фонду тарабынан курула турган спорт аянтынын өздүк салымы долбоор толук иштелип чыккандан кийин сметага ылайык жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
4. 2018-2019-ж күз-кыш мезгилинде Бөбүй айылынын окуучуларын Чоӊ-Багыш айылындагы №12 орто мектепке ташып келүү максатында айыл өкмөттжергиликтүү бюджетинин эсебинен 15000(он беш миӊ) сом каражат ажыратылсын.
5.Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмоттүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Д. Бекназаров |