Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры № 58
Дара айыл аймагындагы айыл башчылардын жана социалдык маселелер боюнча адисинин жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Дара айыл аймагындагы социалдык маселелер боюнча адисинин, Чек, Жаңы-Жер, Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарынын айыл башчылардын жыл ичинде аткарган иштери боюнча айыл башчыларынын маалыматтарын угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагындагы социалдык маселелер боюнча адисинин, Чек, Жаңы-Жер, Кан, Жаңырык жана Кайыңды айылдарынын айыл башчылардын жыл ичинде аткарган иштери канаатандыраарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |