Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры № 59
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясынын №43-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясынын №43-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча А.Тажибаевдин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХV сессиясынын 2018-жылдын 31-июлундагы №43-токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Сары-Талаа айылына бала-бакча курууга 5939063 (беш миллион тогуз жүз отуз тогуз миң алтымыш үч) сом акча каражатын өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |