Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры № 60
Чек айылына Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгон баатырлар аллеясынын курулушуна акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналган баатырлар аллеясынын курулушу үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек айылына Улуу Ата-Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналган баатырлар аллеясын курууга 300000 (үч жүз миң) сом акча каражатын өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |