Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры № 61
Кайыңды айылына трансформатор орнотуу үчүн 16 м2 жер аянтын жана 10кВ аба чубалгысынын жерине 550 п/м жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагына караштуу Кайыңды айылына трансформатор орнотуу үчүн 16 м2 жер аянтын жана 10кВ аба чубалгысынын жерине 550 п/м жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү боюнча жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин даярдаган маалыматын угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылына трансформатор куруу үчүн 16м2 жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылына трансформатор куруу үчүн 16м2 жана 10кВ аба чубалгысынын жерине 550 п/м жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
3. Мыйзамдуу иш кагаздарын берүү жагы Баткен РЭТ ишканасынан суралсын.
4. Трансформатор куруу үчүн ажыратылган 16м2 жер аянтынын мыйзамдуу иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |