Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры № 62
LOVOL FL 953 фронталдык жүктөөчү тракторунун тарифин өзгөртүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесине ARIS уюму тарабынан берилген YEMA GROUP CO LTD компаниясынын LOVOL FL 953 фронталдык жүктөөчү тракторунун тарифин өзгөртүү боюнча маселени талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесинин LOVOL FL 953 фронталдык жүктөөчү тракторунун тарифи Дара айыл өкмөтүнүн жумуштарын аткаргандыгы үчүн саатына 1500 (бир миң беш жүз) сом болуп бекитилсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт пайдалануучулар бирикмесине Дара айыл аймагынын айыл өкмөтү менен келишим түзүп иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |