Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры № 64
Чек айылынын тургуну Исираева Бүүсайдинса Маматисаковнанын кайрылуусун кароо жөнүндө
Чек айылынын тургуну Исираева Бүүсайдинса Маматисаковнанын арызына ылайык Төө-Таш участкасында базар ачууга макулдук берүү боюнча Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек айылынын тургуну Исираева Бүүсайдинса Маматисаковнанын Төө-Таш участкасындагы жеке менчик жерине базар ачууга макулдук берилсин.
2. Базардын аталышы “Төө-Таш дыйкан базары” деп аталсын.
3. Базардын ичинде иштеген тараза акысы 1кг жүккө 30 тыйын, базардын ичине кирген автоунаа акысы 20сом деп белгиленсин.
4. Жеке ишкердик боюнча иш кагаздарын КР мыйзамдарынын негизинде жүргүзүү жагы Исираева Бүүсайдинса Маматисаковнага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |