Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры № 65
Чек айылынын Өрүк-Зар жаңы конушундагы социалдык обьектилерге калтырылган 0,25 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын Өрүк-Зар жаңы конушундагы социалдык обьектилерге калтырылган 0,25 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу боюнча Абдипатта уулу Жумабек даярдаган билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чек айылынын Өрүк Зар жаңы конушундагы социалдык обьектилерге калтырылган Р-6 каналынын түндүк тарабындагы 0,25 га жер аянтын муниципалдык менчикке алынсын жана мамлекеттик акт алуу боюнча иш-чаралар аткарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |