Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры № 66
Кайыңды айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн 0,25 га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу боюнча Абдипатта уулу Жумабек даярдаган билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн 0,25 га жер аянтын муниципалдык менчикке алынсын.
2. Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылына кичи футбол аянтчасын куруу үчүн 0,25 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |