Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры № 67
Кайыңды айылындагы Ак-Кайың бала-бакчанын тайпаларын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы мектеп жашына чейинки балдардын билим алуусуна шарт түзүү, билим берүү, тарбиялоо иштерин өркүндөтүү максатында Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайыңды айылындагы Ак-Кайың бала-бакчасына 1 толук күндүү тайпа, 2 кыска мөөнөттүү тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |