Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-декабры № 68
Чек айылына китепкана ачууга макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын тургундарын, мектеп окуучуларынын маданий-эстетикалык жактан өнүктүрүү жана китепке болгон кызыгуусун арттыруу, келечек муундарды тарбиялоо иштерин өркүндөтүү максатында Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылына китепкана ачууга макулдук берилсин.
2. Китепкананын штаттык бирдигин чечип берүү жагы Баткен райондук маданият бөлүмүнөн суралсын.
3. Китепкананы имарат жана китеп фондусу менен камсыздоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби, административдик жана текшерүү боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |