Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры № 70
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин жыл ичинде аткарган иштери боюнча даярдалган маалыматы угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин жыл ичинде аткарган иштери канаатандыраарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |