Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-декабры № 88
Үч-Терек айылындагы А.Жээналиев көчөсүн түнкү жарыктандыруу үчүн шам чырактарды орнотууга 1500 чакырым жер аралыгын чектеп берүү жөнүндө
Үч-Терек айылындагы А.Жээналиев көчөсүн жарыктандыруу үчүн түнкү шам чырактарды орнотууга 1500 чакырым жер аралыгын чектеп берүү боюнча Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Байсабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезексиз ХХI - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айылындагы А.Жээналиев көчөсүн жарыктандырууга түнкү шам чырактарды орнотуу үчүн 1500 чакырымына чейинки жер аралыгын чектеп берүүгө макулдук берилсин.
2. Жол чырактарын орнотуу үчүн 1500 чакырым жер аралыгына тиешелүү документацияларын бүтүрүп берүү жагы жер адиси К.Абазовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А.Акаев |