Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-марты №14
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2017- жылдагы бюджетинин киреше, чыгашасын жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Мейманбеков Алмазбек Мейманбековичтин Каргалык айыл өкмөтүнүн 2017- жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө долбоорун жана депутаттардын берген суроолоруна жообун угуп жана талкуулап,Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2017- жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 33655,0 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 33655,0 мин сом суммасында №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу №2- тиркемеге ылайык жактырылсын.
жылга 33655,0 мин сом суммасында,
жылга 35389,5 мин сом суммасында,
жылга 37476,5 мин сом суммасында.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү №3-тиркемеге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрүн эсебинен түзүлсүн.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга 33655,0 миң сом суммасында №4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Каргалык айыл өкмөтүнүн 1-январь 2017-жылга карата жергиликтүү бюджетинин бюджеттик каражаттарын 1241,0 миңсом суммасындагы калдыгы, атайын каражаттарынын 554,5 мин сом суммасындагы калдыгы №5-тиркемеге ылайык аткарыла турган иш-чаралардын тизмесинин (перечень) негизинде бекитилсин.
6. Каргалык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 1% 299,8 миң сом суммасы Кыргыз Республикасынын 11.06.1998-жылдагы №78 «Кыргыз Республикасынын бюджетгик укуктарынын негизги принциптери» жөнүндөгү Мыйзамынын l-бөлүмүнүн 21-беренесине ылайык резервдик фондуна жана ушул эле Мыйзамдын 23-беренесине ылайык 200,0 миң сом өлчөмүндө накталай кассалык акча жүгүртүү жагы бекитилсин.
7. Каргалык айыл өкмөтүнүн келишиминин негизинде иштеп жаткан ветеринардык адис М.Эстебесовго ай сайын 1500 сом өлчөмүндө, жыл ичинде 18,0 миң сом акча каражатын атайын каражатка төгүү жагы милдеттен дири л син.
8. Каргалык айыл өкмөтүнө караштуу башкаруу тармагынын 2017-жылга карата 22 (жыйырма эки) штаттык бирдик түзүмү, маданият тармагынын клуб кызматкерлеринин 3 (уч) штаттык бирдик түзүмү, китепкана кызматкерлеринин 3 (уч) штаттык бирдик түзүмү №6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасы турак-жай тармагынын бюджеттик каржылоодон 15 (он беш) штаттык бирдик түзүмү, атайын каражаттан 2,05 (эки жарым) штаттык бирдик түзүмү №7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы «Таза-Суу» муниципалдык ишканасы бюджеттик каржылоодон 9 (тогуз) штаттык бирдик тузуму № 8-тиркемеге ьшайык бекитилсин.
11. Айылдык кеңешке жана айыл өкмөткө келип түшкөн кайрылуулардын негизинде 2017- жылдын бюджетинен акча каражаттары № 9-тиркемеге ылайык бөлүнүп берилгендиги белгиленсин.
12. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, соц. фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча (электро энергия, көмүр, суу, телефон байланышы ж.б.) жүргүзүлсүн.
13. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүнү жана күтүүнү каржылоого 2% дык чегерүүдөн түшкөн Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондуна тиешелүү болгон 5378,0 миң сом калдык акча каражаты Республикалык бюджетке чегерилсин жана чегерүү Каргалык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Кашкариева Еломирага тапшырылсын.
14. Бюджетте каралып жаткан акча каражаттарын өз мөөнөтүндө кароо жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттен дири л син.
15. Каргалык айыл өкмөтүнөн 2017- жылга бюджетине кошумча киреше булактарын табууга жана толуктоого карата Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы иш жүргүзүп жаткан Макмалалтын кен комбинатынан жана башка ишканалардан, мындан сырткары акиташ, туз, кызыл кум, шагыл алынуучу карьерлерден мыйзамдын талабына ылайык айыл өкмөтүнүн киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрү толугу менен такталып, убагында бюджетке түпгүрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Кашкариевага милдеттендирилсин.
16. 2017-жылда курулуш, сатып алуу келишимдерин жана кабыл алуу актыларынын сапаттуу болушу үчүн, ар дайым комиссиянын түзүлүшүн жана өткөн жылдардан калган жумуштардын аткарылышына толук көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
17. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
18. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жана ФЭБ дин башчысы Э.Кашкариевага жүктөлсүн.
19. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын торагасы А.Мейманбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Жунусакунов |