Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 7-июну №38
Каргалык айыл аймагында «Каргалык МТС» (өзүн-өзү каржылаган чарба жүргүзүүчү ишкана (хозрасчетная предприятие)) муниципалдык ишканасын уюштуруу жөнүндө
Каргалык айыл аймагынын базар-экономикасынын шарттарына ылайык айыл чарба тармагын жогорулатуу, көмөкчү чарба түзүү, жергиликтүү жамааттардын жашоо денгээлин жакшыртууга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы «Каргалык МТС» (өзүн-өзү каржылаган чарба жүргүзүүчү ишкана (хозрасчетная предприятие) муниципалдык ишканасы болуп уюштурулсун.
2. «Каргалык МТС» муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин.
3. «Каргалык МТС» муниципалдык ишканасынын директорун бекитүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго макулдук берилсин.
4. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |