Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы №12/2
Авлетим айыл өкмөтүнүн 2017-жылда жүргүзгөн ишмердиги боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун отчёту жөнүндө
Авлетим айыл өкмөтүнүн 2017-жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун отчётун угуп жана талкуулап. (отчёт тиркелет) бул маселе боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун кортундусун эске алып. сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл өкмөтүнүн 2017-жылда жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун отчёту кабыл алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн өткөн жыл ичинде жүргүзгөн бир катар алгылыктуу иштери менен катар, айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында жүргүзгөн иштери жөнүндөгү 2017-жылдын 22-сентябрындагы сессиянын №4/3 токтомунда белгиленген сунуштарды аткаруу боюнча жеткиликтүү иш аракеттер көрүлбөгөндүгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановдун эсине салынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча 2018-жылдын үчүнчү кварталында өткөрүлүүчү сессияда 2018-жылдын алты айылда жүргүзүлгөн иштер тууралуу отчёт берүүдө конкреттүү маалымдама берүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына (Шабданов К.М., Төлөбаев А.А., Тургуналиев К.О., Жолдошов К.Ө.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
Авлетимайылөкмөтүндө 2017-жылда аткарылган иштер жөнүндө А/Ө башчысы Н.Абдырамановдун отчёту.
Жазгы талаа иштеринин аткарылышы жөнүндө .Авлетим айыл аймагынын айылдарында жеке менчик 34 даана жер иштетүүчү жана чөп чаап жыйноочу техникалар бар.Жазгы айдап себүүдө 194 га суулуу жер аянтына жүгөрү ,49 га картошка 16га жашылча,пахта 23 га ,5га май өсүмдүгү 381 га көп жылдык чеп,бардыгы 983га себилген.Бош калган жер аянты 166 га, себеби экономикалык жактан эгилген эгиндер актабайт деп жергиликтүү тургундар жер аянттарын иштетпей жатышат.бирок чөбүн чаап алып пайдаланууда.
Турмуш шарты оор ,майыптарга,баатыр энелерге бардыгы болуп жеңилдетилген баада 7 га жер аянты бөлүнүп берилди.
ФПС суулуу 4 га.кайракы 51га,чеп чабынды 29 га элге арендага берилген. Ал үчүн 29960 сом акча төгүлгөн.
Айыл чарбасын алдыга чыгаруу үчүн суулуу жер аянттарын көбөйтүүнү пландаштыруудамчылатып суугаруу системасын киргизүүнү элге жеткирүүбүз керек. Үлүшкө берилген жер аянтарын документтештирүүнү тездетүү керек.
Жазгы талаа уюштуруу иштеринде талаа карагулдары бардык айылдарда бекитилди. Бирок Авлетим айылында кээ бир адамдар өзүбүз керүп алабыз деп элдик ишти бузушкан. Бул маселе айылдын кийинки жалпы чогулушунда талкууланат.
Өзгөчө кырдаалдар боюнча Авлетим айылындагы Итагар суусун башка нукка буруу жана суунун жээгин бекемдөөүчүн экскватор САМСУНГ менен Итагар дарыясынын суусун 3 жерден 75 метр узундукта казылып бурулду. КАМАЗ самосвал менен Исабаев Эрсландын үйүнүн тушуна өздөрү даярдаган 15 селпаяны 30 метр жерди бекемдөөгө 6 рейс аска таш төгүлүп орнотулду. Шадыканов Темирбектинүйүнүн тушуна 30 метр дарыя жээгин бекемдөөгө 6 рейс аска таш төгүлүп бекемделди.Токол-Эчки көпүрөсүнүн төмөн жагындагы габион-торчолор менен курулган дамбаны улап бекемдөө үчүн төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды. Атакулов Алмаздын тушунан көпүрөгө чейин 100 метр аралыкка эл тарабынан 6 рейс аска таш төгүлдү,айыл өкмөтү тарабынан24 рейс шагыл, 10 рейс аска таш төгүлүп бекемделди. Жогоруда көрсөтүлгөн 100 метр сел тосмо-дамбага төгүлгөн шагал таштарды орнотуп бекемдөөдө погрузчик 19 саат иштеди. Бардыгы болуп Авлетим айылына 24 рейс шагыл,22 рейс аска таш ташылып, 160 метр Итагар дарыясынын жээги бекемделгендиги анык.Итагар айылында насостун көпүрөсүнбекемдөөүчүн 9 рейс аска таш төгүлгөн жана Мачак участкасындагы турак жайларды Итагар суусунунан бекемдөөүчүн 3 рейс аска таш.5 рейс шагыл төгүлгөн.Жалпысынан Итагар айылына 12 рейс аска таш,5 рейс шагыл ташылып 30 метр жерге төгүлүп бекемделди. Кайкиев Ш,Козугулов Ш жанындагы шагал толгон 100 метр канал дар тазаланды.
Байкашка-Терек айылы боюнча Эрмен-Тектиркөпүрөсүнүн эки жагында сел алып жаткан жерлерин бекемдөөгө жана суунун нугун бурууга Товар-Сай айылындагы Алчалуу-Булактан 17 рейс аска таш 1 рейс шагал,Мукур айылынын Бүчмөдөн Эрмен-Тектир көпүрөсүнөн Арал айылына өткөн жолду суу алып кеткендиктен жана жогорку тарабын Авлетим дарыясынан сактоо жана бекемдөө үчүн 13 рейс аска таш ташылып басылды.Бардыгы болуп Байкашка-Терек айылына 80 метр жерге 30 рейс таш, 1 рейс шагыл төгүлдү.Тегирмен-Сай айылында Авлетим дарыясынын нугун буруу жана элдин короо жайларын сактап калуу үчүн Авлетим айылындыгы Капчыгайдан Сманалиев Жумалынын жанына 8 рейс аска таш,7 рейс шагыл төгүлүп 40 метр жер суу ташкынынан корголду.Ошондой эле Тургуналиев Жолдошбектин жанына 1 рейс шагыл, 1 рейс аска таш жана Абдраимов Анарбектин тушунда 40 метр жер бекемделди.Өтмөнбетов Эшимдин тушунда дарыя жээгин бекемдөөгө 3 рейс аска таш боюнча,жалпысы болуп Тегирмен-Сай айылына 8 рейс шагыл жана 9 рейс аска таш төгүлүп 80 метр жер Авлетим дарыясынан жээги бекемделип, сел коркунучунан сакталды.
Тегирмен-Сай алыштан сугат суу чыгаруу үчүн 150 метр канал жаныдан казылып чыгарылды. Бузурман Сай участкасындагы селканада 110 метр канал 2 жолу тазаланып,сугат берилди. Ошол эле жерде ички шагал толтуруп койгон чарбалык жолдун 50 метри 2 -жолу
тазаланды жана 3 турак -жайга кирген шагалдар тазаланды.
Товар-Сай айылы боюнча Кадыркулов Таабалдынын жанына Каргазындан 12 рейс аска таш жана 16 рейс шагыл ташылып, 56 метр жер суу коркунучунан тосулду.Оут-Сайдын оозуна 5 рейс аска таш 4 рейс шагыл ташылып 100 метр суунун жээги тосулуп бекемделди.Ошондой эле Жолдошов Каныбектин жанына 4 жана көпүрөсүнүн жанына 1 рейс аска таш Алчалуу-Булактан ташылып түшүрүлдү.
«Осмоналиев Мелис» атындагы көпүрөгө 2 рейс аска таш төгүлдү. Бардыгы болуп Товар-Сай айылына 24 рейс аска таш жана 20 рейс шагыл ташылып бекемделди.
Мукур айылындагы Чикилдек көпүрөсүн бекемдөө үчүн 7 рейс шагыл жана 4 рейс аска таш.М.Жапаркуловдун алдында каналды сактоо үчүнЗ рейс эски фундамент түшүрүлдү.
Коргон айылына көпүрөнүн жанына төмөнкү тарабына 2 рейс аска таш, Баястандан 7 рейс фундамент бузуп ташып. дарыя жэгине төгүлүп 120 м жер бекемделди. Сел ташкындарын жоюу жумуштарын аткарууда айылдык кенештин терагасы АШырдаков, жаш депутаттар К.Шабданов, А.Абдиев, А.Төлөбаев. М.Сатыбалдиев. Т.Чынасыловдор эл менен биргеликте активдуу катышты.Ыраазычылык айтабыз.
100 рейс*3500=350000-00 аска таш,65 рейс* 1500=97500 шагыл ташылып. погрузчик 72 саат*3500=252000 бардык сумма 699500-00 сом, 546 метр жер сел коркунучунан тосулуп бекемделди. Авлетим а/өкмөтүнө КР МЧСтен 2 тонна диз топлива өзгөчө кырдаалдарды жою боюнча келген .Анын 1 тоннасы Долоно -Булактагы 200 м канал-алышка жана жол ондолду. Ал жер 2 жолу тазаланды,бирок үчүнчү жолу келгенде дагы бузуп толуп калды.1 тоннасы Маланын алышы жана Бузурман-Сайдагы 50 жол ,110 м канал , 50 м короо -жайларды,ошондой эле Жанчаров Ырызалынын жанындагы 100 жол жана 30 метр чоң арыкты тазалоодо иштетилди. Жанчаров Жунустун огородунун жанындагы алышта 150 метрге каналды жаңыдан казып сугат суу чыгарылды. Жогорудагы жумуштарды аткарууда 344 000-00 сом акча каржаты иштетилди. Бардык чыгымдалган акча каражаты 699500+344000-00=1 043 500-00 сом иштетилди. Жергиликтүү бюджеттен 460 000-00 сом, Аксы РМА 30 000-00 сом , Жалал-Абад обл өкүлчүлүктөн 80 000-00 сом СДПКдан 100 000 сом, мекеме-уюмдардан 54300 сом.а/аймагындагы мекемелерден 12000-00 сом иштетилди. Ал эми ички чарбалык жолдорду оңдоого бөлүнгөн 150 000 сом дагы өзгөчө кырдаалды жойууга жумшалды.
КР ӨКМ тарабынан берилген 2500 даана мешоктор төмөнгүдөй багытта иштетилди. Авлетим айыл өкмөтүнүн Мукур айылынан Орук-Зар участкасындагы Итагар дарыясынын жээгин 20 метр аралыгын жеп кетип жаткан жерине 200 даана мешокко шагал таш толтурулуп бекемделди. Долоно-Булак алышында25 метр аралыкка 200 даана мешокко шагал таш толтурулуп бекемделди.
Итагар айылынын Мачак участкасындагы тургундардын коросуна келүүчү селден сактануу үчүн 30 мер аралыкка 230 даана мешок, Товар-Сай айылынын Оуттун тушунда Авлетим дарыясынын жээгин бекемдөөгө 65 метр аралыкка 300 даана мешок,Тегирмен-Сай айылында алышты бекемдөөгө 30 метр аралыкка 270 даана мешок, Ибраимов Мунуштун тушунда дарыя жээгин бекемдөөгө 20 метр аралыкка 130 даана мешок. Маланын алышын бекемдөөгө Юметр аралыкка 70 даана мешок, Байгашка-Терек айылынын дамбанын томен жагында суунун нугун бурууга 40 метр аралыкка 240 даана мешок, жогорку жагындагы Канталиев Таланттын огорудунун тушуна 15 метр аралыкка 120 даана мешок басылды,Арал алышына 10 метр аралыкка 150 даана мешок ,дамбасына 6 метраралыкка 90 даана мешок , Авлетим айылынын Чыгыш-Жол алышына 8 метр аралыкка 100 даана.Токол-Эчки көпүрөсүнүн төмөн жагынаЮ метр аралыкка 100 даана мешок,Коргон айылынын Баястан участкасындаЮ метр аралыкка 100 даана.Коргон алышка 10 метр аралыкка 100 даана , Жөлөмө -Таш сел бузган каналгаЮ метр аралыкка 100 даана мешоктор басылгандыгы анык. Авлетим айыл аймагы боюнча жалпысы 319 метр аралыкка 2500 даана мешокторго шагал таштардопурактар менен толтурулуп дарыя жээктери бекемделди,алыштардан сугат суу чыгарылды.
Авлетим айылдык кеңештин токтому менен көчөлөргө берилген аттарды,мамлекеттик каттоо кызматына берилип айылдын ккөчөлөрүнүн аталыштары жаныдан бекитилип үй номерлери берилүүудө.Мындан ары ушул аталыштар менен бардык документтер алынат. Сел жана суу ташкындарын алдын алуу иштеринин катарында дагы 25 ашык обьектилер (тизме тиркелет)бар.аларды ырааттуу чечүү жолдорун сиздер менен биргеликте чечүүбүз керек.Эл арасында көчкү коркунучунда жашаган атуулдарыбызды көчүрүп чыгуу маселеси эн негизги көйгөй болуп, аткарылбай калууда.
Инвестиция боюнча.Авлетим ,Мукур айылдарына 554 787-00 сомдук 2,5 км көчө жарыгы долбоору өттү. Байгашка-Терек жана Мукур айылдарында 3 083 253-00 сомдук
мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу долбоору өттү. К.Алымкулов жана А.Батыркулов атындагы орто мектептерде мектепке чейинки билим берүүгө эмерек-жабдуулар,окуу куралдары жана туалеттери курулду,балдар ойноочу аянттарга ар турдуу жабдуулар коюлду.Жалпы суумасы 2млн 200 мин сомду түздү. Жаязет боюнча окутуу семинарлар откорулуп жатат. Мүмкүн жеке ишкерлерди колдоо боюнча долбоорлор жактырылат. АРИСтин ПРЖР-2 долбоору боюнча погрузчик жана ветаптека куруу долбоорлору жактырылган. Көпүрө жана мал суу ичүүчү булактар дагы колдоого алынган. Дейрес айылында 2018-жылы скважина долбоору күтүлүүдө. Башка дагы Эл аралык башка уюмдар жана спонсорлор менен байланышка чыгып, жергиликтүү маанидеги социалдык маселелерди чечүүнүн жаны жолдорун издөөгө тийишпиз.
Мал чарбачылыгы боюнча жергиликтүү айылдын тургундарынын малын дарылап кароо боюнча Авлетим ветсервис адистери менен биргеликте мал чарба боюнча адиси А.Токобаев мамлекет тарабынан жана сатылып алынган вакциналар менен жазгы эмдөө жумуштары толугу менен аткарылды. Кара малды иденфикациядан өткөрүү боюнча 1- фазасында жумуш 99,98 % аткарылды.4 адамдын аты-жону кайталап чыгып жатат. 2-фазасы кузунда башталат. Бардык мал иденфикациядан өткөрүүгө тийиш,бул мамлекеттик саясат.атайын тапшырмалар берилип жатат.Жайыт аркылуу «Яма Беккер» долбоору аткарылып,мындан ары пайдаланууга Авлетим ветсервиске өткөрүлүп берилет. Малдын асылдуулугун которуу,жасалма куут пункттарын ачуу жана жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери толук кандуу болбой жатат
Муниципалдык менчиктерди пайдалануу боюнча.Муниципалдык менчиктеги соц обьектер толугу менен пайланылып жатат. (Мектептер, ФАПтар, клуб). Ал эми Мукур айылындагы китепкана жана Коргон айылындагы ФАПтын ремонттору толук бүткөн жок. Акча каражаты болунгон,2-жарым жылдыкта толугу менен бүтөрөбүз.Көпүрөлөрдү капремонттоо жумуштары дагы журуп жатат. Быйыл канал арыктарга ондоого акча толук болунбой селкана жана алыштарга иштетилди.Ички жолдор дагы толугу менеен ондолгон жок,себеби жогорудагыдай эле ЧСке иштетилди.Ал эми Алан-Башат,Оут-Сай,Чон-Товар,Кичи-Товар,Долоно-Булак жолдорун кароого акча каражаты жетишпегендиктен каралган жок.
Социалдык тармак боюнча:2017-жыл «Ыйман,адеп жана маданият» жылына карата бир топ иш-чаралар өткөрүлдү .Мекеме уюмдарда көрнөктөр жазылып илинди. Айыл аймагында жаз айында жашылдандыруу,көрктөндүрүү жана санитардык абалды жакшыртуу Зайлыгы өткөрүлдү. Социалдык адилеттуулуктун бир айылыгында 18-үй-бүлөсүнө 6100 сомдук жардам берилди. №15 «Гулкайыр»МЧББ мекемесинде ак калпак майрамы өткөрүлүп,40 балага ак калпак кийгизилди,тарбиялык кече өткөрүлдү. Афган согушунун ардагерлерине 2000-00 сомдон акча,5000 сомдук белектер жана сый тамак берилди.8-март аялдардын эл аралык майрамына 8000-00 сом акча каражаты болунду.21-март Нооруз майрамында ар бир айылдарда майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү,балдар оюндары,тушоо кесүү салттары өткөрүлдү. Итагар айылында жана Дейрес айылында «Сармерден» оюн-зоок концерттик программа берилип,айыл өкмөтүнөн колдоо көрсөтүлдү.Айыл өкмөтүнөн 25 миң сом жумшалды.
9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата ардагерлергедылга иштегендерге,каза болгон 2-ардегердин үй-бүлөсүнө жана райондук майрамдык иш чарага 45 мин сом жумшалды. 1-июнь балдарды коргоо кунуно карата 25 аз камсыз болгон балдар чакырылып белектер берилди. 12 мин сом жумшалды.
2016-жылы 633 үй-бүлө жөлөк пул алган. 6-айда 382 үй-бүлө документтерин жаңылап тапшырышты. Ай сайын 2 жолу документтерди алуу пландаштарылган. «Бирдиктүү терезе» кызматын жакшыртуу жана жарандарды акьтсыз тейлөө сапатын жогорулатуубуз керек
Аскердик эсеп жана паспорттук каттоо боюнча.
Авлетим айыл өкмөтү боюнча 1527 адам аскерге милдеттуу,аскерге чакырылуучулар 274 адам,Альтернативалык кызматта 32 адам.Альтернативада кызмат өтөгөндөрдүн акчасын төктүрүү ай сайын жүргүзүлөт,төгүлгөн акча каражаты ачык айтылбайт. 2017-жылдын 6-айында 48 адам учетко турган,43 адам учеттон чыккан. Жыл сайын мектеп окуучулары
аскер комиссариатынын мед кароосунан өткөрүлөт. 15 адам резерв ротада учетто турат жана аларга атайын форма даярдалган.Бир жылда эки жолу аскердик тревога болуп,даярдыктын кандай уюшулуп жатканы текшеруудөн өткөрүлдү.Кимдер эмнеге жооптуу экени бекитилди. Айылдык маданият үйүндө 2 адис иштейт,ар кандай даталуу майрамдарда иш чарага активдүү катышат жана өткөрүшөт.
Музыкалык аппараттын жоктугунан көптөгөн иш чараларды өткөрүүгө шарт жок болууда. Эл арасындагы таланттуулар менен иштөө,ар кандай конкурстук программааларды иштеп чыгуу зарыл.
Айылдык 3 китепкана иштейт,аларда китеп фондусу орто эски,акыркы жылдары кана аз-аздан жергиликтүү бюджеттин эсебинен китептер сатылып берилди.негизинен бөбөктөр жана өспүрүм балдар үчүн жомоктор жана башка чыгармалар келген.
2018-жылы айыл аймагынын 5 жылдык де болбосо 2018-2022 жылдарга карата өнүгүү планы иштелип чыгарылат.
Төрага | Н. Абдыраманов |