Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы № 12/3
Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, 2018-жылга бюджетин жана 2019-2020-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Авлетим айылдык Кеңеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уводемлениелер менен №1-тиркемеге ылайык, канааттандырарлык деп табылып, бекитилсин.
2. Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү ,өздүк бекитилген киреше 3164,2 (үч миллион бир жүз алтымыш торт миң эки жүз) сом, Теңдөөчү грант 8244,7 (Сегиз миллион эки жүз кырк төрт миң жети жуз)сом, ата-энелер төлөмү 780,0 (жети жүз сексен минусом, жалпысы: 12356,0 (он эки миллион үч жүз элүү алты мин,) сом, жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 608,5 (алты жүз сегиз миң беш жүз) сом сумма кошулуп 12964,5 (он эки миллион тогуз жүз алтымыш төрт миң беш жүз) сом суммасында №2 тиркемеге негиз бекитилсин.
3. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 608,5 (алты жүз сегиз миң беш жүз) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 155,2 миң сом айыл өкмөтүнүн бюджетине ал эми калган 453,3 миң сом 704-Бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилсин.
4. Авлетим айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин Өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлөмү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Авлетим айыл Өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №4,5,6,7,8,9,10-тиркемелерге ылайык 12964,5 (он эки миллион тогуз жүз алтымыш төрт миң беш жүз) сом менен бекитилсин.
6. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант "Кыргыз Республикасынын 2018-жылга жана 2019-2020-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жонундогу" мыйзамына негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
7. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 129,6(бир жүз жыйырма тогуз мин, алты жүз]сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы толоо фондунун чектеринде 200,0( эки жуз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин «Бюджет жана каржы» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Б.Абылаевге милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана каржы» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
12. Токтом Www.avletim.aksy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
13. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
Төрага | А. Шырдаков |