Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы № 12/6
Авлетим Жайыт комитетинин 2017-жылда жүргүзгөн иштери боюнча комитеттин торагасы Ж. Атеновдун отчету жана Жайыт комитетинин жайыттарды натыйжалуу башкаруу, сарамжалдуу пайдалануу боюнча 2018-жылга планы жөнүндө
Айылдык кеңештин «Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын сунушун угуп жана талкуулап Авлетим айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Айыл чарба жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Авлетим Жайыт комитетинин 2017-жылда жүргүзгөн иштери боюнча комитеттин торагасы Ж. Атеновдун отчету жана Жайыт комитетинин жайыттарда натыйжалуу башкаруу, сарамжалдуу пайдалануу боюнча 2018-жылга планы жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2. «Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин торагасы Ж. Атеновдун 2017-жылдагы аткарган иши боюнча отчету кабыл алынсын.
3. Бир топ кемчиликтер ишинде орун алгандыгы белгиленсин.
4. Жайыт комитетинин 2018-жыл үчүн түзүлгөн иш планы бекитилсин(тиркеме тиркелет).
5. Жайыт комитетинин жайыттарды натыйжалуу башкаруу жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча 2018-жыл үчүн түзүлгөн планы боюнча иш алып баруу Жайыт комитетинин торагасы Ж. Д. Атеновго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Айыл чарба жана Экологияны коргоо» маселелери боюнча туруктуу комиссиянына(торагасы А. Төлөлбаев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |