Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы № 12/9
Жергиликтүү жамааттын курултайын чакыруу жөнүндө
Авлетим айылдык кенешинин депутаттары Төлөбаев Ажыбалынын, Сатыбалдиев Мураттын жана Барпыбаев Абдымамыттын сунуштарына ылайык,Авлетим айылдык аймактын жергиликтүү жааматынын Уставынын 12.3-жана 12.5-беренелеринин негизинде сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык жамаатынын курултайы 20018- жылдын март айынын 12синен 16сына чейинки күндөрдүн биринде саат 11-00го чакырылсын.
2. Курултайдын күн тартибине төмөндөгү маселелер сунуш кылынсын:
а) .Айылдык аймактын элдүү пункттарындагы, көчөлөрдөгү жана коомдук жайлардагы санитардык абалдарды жакшыртуу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча коомчулуктун алдындагы милдеттер жөнүндө.
б) .Айылдык аймактын калкынын арасындагы коомдук тартиптин абалы жана алькоголдук ичимдиктердин айылдардагы соода точкаларында сатылышына мыйзам талаптарына ылайык чектөөлөрдү киргизүү боюнча чаралар жөнүндө.
3. Жергиликтүү жамааттын Уставынын 12.3 беренесинин негизинде курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
4. Бул толтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Укук,мыйзам жана этика"комиссиясына (Жолдошов К.) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |