Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-январы №12/10
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн зарыл саны калбагандыгына байланыштуу, анын зарыл санын толуктоо максатында, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча щайлоо комиссиялары жөнүндө» КР Мыйзамынын 19-беренесинин 7-пунккутуна жана КР БШКсынын кайрылуусуна негиз, Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди көрсөтүү жөнүндө Авлетим айыл аймагынын Товар-Сай айылынын шайлоочуларынын 2018-жылдын 9-январындагы чогулушунун протоколуна жана бул протоколду жактыруу жөнүндөгү айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 10.01.2018-жылдагы кортундусуна ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Товар-Сай айылынын шайлоочуларынын чогулушунда көрсөтүлгөн талапкер Узенбаева Өмүркан Жаманкуловна Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) сунушталсын.
2. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына (резервине) Авлетим айылдык Кеңеши тарабынан көрсөтүлгөн талапкерди бекитип берүү жагы КР БШКсынан суралсын.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |