Загрузка документа…
КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-февралы №11/4
«Кыргызтелеком» ААК Нарын облустук филиалынын Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн 21.02.2016-жылдагы №06-20/15 каты жөнүндө
«Кыргызтелеком» ААК Нарын облустук филиалынын Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн 21.02.2016-жылдагы №06-20/15 катында учурда имараттын АТР турган бөлүгүн мөөнөтсүз пайдалануу үчүн берүүнү сурап кайрылган. Маселенин жүрүшүндɵ муниципиалдык менчиктеги мүлктү бербеш керек деген пикирлер орун алды. Жогорудагыларды белгилеп Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 11- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызтелеком» ААК Нарын облустук филиалынын Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн 21.02.2016-жылдагы №06-20/15 каты канаттандыруусуз калтырылсын.
Төрага | Г. Каналиева |