Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры №16/2
Ленин айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети маалымат, 2019-жылдын бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети боюнча маалымат, 2019-жылдын бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылга бюджеттин болжолдуу планын бекитүү боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Б.Токтабаеванын билдирүүсүн жана Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун докладын угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2017-жылга кирешелер боюнча бекитилген планы 8493,1 мин сомго, такталган киреше бөлүгүнүн планы 10757,4 мин сомго, киреше бөлүгүнүн аткарылгандыгы 11105,4 мин сом, чыгаша боюнча 9750,0 мин сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2018-жылга карата айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 33314,3 мин сомго (анын ичинен тендөөчү грант-7571,4 мин сом,өздүк киреше-4242,4 мин сом Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өткөрүп берилүүчү каражаттар 2368,9 мин сом) жана чыгаша бөлүгү 29026,1 миң сомго аткарылгандыгы боюнча маалыматы жактырылсын.
3. Ленин айыл өкмөтүнун бюджетинин 2019-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү 29349,0 миң сомго бекитилсин. Анын ичинен толуктоочу грант 12959,7 миң сом, өздүк киреше 15774,3 миң сом, болгондугу белгиленсин.
4.Атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 614,0 мин сомго бекитилсин.
5. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата болжолдуу планы 30177,3 мин сомго, 2021-жылга карата болжолдуу планы 29544,1 мин сомго бекитилип , мыйзам чегинде толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кабыл алынсын.
6. Жергиликтүү жана Республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражатын чыгымдоону жыл ичинде өз максатында, сарамжалдуу пайдалануу айыл өкмөтүндөгү мекемелердин жетекчилеринен ,материалдык жооптуу кызматкерлерден талап кылынсын жана аны көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Б.Мамановго тапшырылсы
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтунүн башчысы Н.Матановго милдеттендирилсин
Төрага | Б. Арынбаев |