Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 16/3
Ленин айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 4134,0 сом калган калдык акча каражатын 2019-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 4134,0 миң сом калган калдык акча каражатын 2019-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаеваныны жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап ,Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинин 4134,0 миң сом калган калдык акча каражатынын 2019-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 4134,0 миң сом калган калдык акча каражаты төмөндөгү беренелерге иштетилсин:
Аталышы | Бөлүк | Берене | Сумма (миң сом) |
Бала бакча | 70911 | 31112290 | 4134,0 |
Жыйынтыгы: |
|
| 4134,0 |
3. Өткөн жылдын калган акча каражатын 2019-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектелүүчү беренелерине отургузуп, тиешелүү эсептерди түзүу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановко жүктөлсүн.
4. Акча каражатын иштетүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Арынбаев |