Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-декабры № 16/8
Ленин айыл өмөтүнүн алдындагы “Биримдик-Сервис”коммуналдык- тейлөө ишканасынын техникалык-тейлөөчү кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин түзүп, жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндө
Ленин айыл өмөтүнүн алдындагы “Биримдик-сервис” коммуналдык-тейлөө муниципалдык ишканасынын техникалык-тейлөөчү кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин түзүү жана жергиликтүү бюджеттен каржылоо жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.07.2007-ж № 480 токтомун жетекчиликке алуу менен Ленин айыл өкмөтүнүн алдындагы “ Биримдик - Сервис” коммуналдык-тейлөө муниципалдык ишканасынын техникалык-тейлөөчү кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин түзүүгө макулдук берилсин жана 2019-жылдан баштап каржылоо жергиликтүү бюджет аркылуу жүргүзүлсүн.
2. Муниципалдык ишканасынын техникалык-тейлөөчү кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин түзүүгө каралган акча каражатын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектелүүчү беренелерине отургузуп, тиешелүү эсептерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановко жүктөлсүн.
3. “Биримдик-сервис” коммуналдык-тейлөө муниципалдык ишканасынын техникалык-тейлөөчү кызматкерлеринин штаттык бирдиктерин түзүүгө жана жергиликтүү бюджеттен каржылоого уруксат берүү жа гы Финансы Министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Арынбаев |