Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-октябры № 15-2
Кызыл-Кыштак айыл окмотунун алдында тузулгон Калкка кызмат корсотуу борборунун (ККБнун) Типтүү жобосун, реестрин бекитуу жонундо
Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги XV сессиясы кун тартибиндеги Кызыл-Кыштак айыл окмотунун алдында тузулгон Калкка кызмат корсотуу борборунун (ККБнун) Типтүү жобосун, реестрин бекитуу жонундогу маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айыл окмотунун алдында тузулгон Калкка кызмат корсотуу борборунун (ККБнун) Типтуу жобосу жана реестри бекитилсин.
2. Бул токтомду аткаруу айыл окмотуно жуктолсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык кенештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жуктолсун.
Төрага | Д. Сатвалдиев |
Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин
20.10.2018-жылдагы № 15-3 – токтому менен бекитилди
Кызыл-Кыштак айылдык кенешинин торагасы__________Д.К.Сатвалдиев
Кызыл-Кыштак айыл айыл окмотунун алдында тузулгон Калкка кызмат корсотуу борборунун (ККБнун) Типтуу жобосу
Жалпы жоболор
ККБнын тузуунун максатары жана милдеттери
ККБнын уюштуруу ишмердиги
ККБда маалыматтык - сурап билууну камсыздоо
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери
Айыл окмот башчысынын жоопкерчилиги
Кошумча кызматтар
ККБнын ишмердигин мониторинг кылуу
Жергиликтүү оз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБО) тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды корсотуу Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актылары менен жонго салынган. Калкка жеткиликтуу жана сапаттуу кызмат корсотуу инструменттердин бири болуп айыл окмотторго караштуу көп тармактуу функционалдуу кызмат корсотуучу борборлорду (ККБ) тузуу болуп саналат.
«Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде ККБ мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды корсотууну уюштурууга ыйгарым укукка ээ.
Жалпы жоболор
1.1. ККБнын ишмердиги жөнүндө Типтүү жобо 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
1.2. ККБ жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси аркылуу түзүлөт.
1.3. ККБ өзүнүн ишмердигинде келишимдин негизинде мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын структуралык түзүмдөрү менен өз ара аракеттенет.
ККБнын түзүүнүн максаттары жана милдеттери
2.1. Борбордун түзүү максаты болуп, жарандар үчүн бирдейликти камсыз кылуу, айрыкча аялуу топторду (балдарды, жаштарды, аялдарды) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кызмат көрсөтүүнүн процедурасын жеңилдетүүнүн негизинде, кызмат көрсөтүүнүн убактысын кыскартуу, коррупциялык механизмдерди төмөндөтүү, кызмат алуучулар үчүн жакшы шарттарды түзүү эсептелет.
2.2. Борбордун милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
а) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн уюштуруунун астында кайрылуучу субоектилердин кайрылуу санын минималдык өлчөмдө азайтуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн процедураларын жөнөкөйлөштүрүү жана анын сапатын жогорулатуу;
б) кайрылуучуларга бир эле убакытта бири-бирине байланышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
в) ККБнын жооптуу өкүлү (администратору) аркылуу кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылуучуга маалымат берүүнү камсыздоо;
г) жарандардын жазуу жүзүндөгү жана ооз эки кайрылууларын же сунуштарын кароо, коомдук инициативаларды, административдик, жер, турак-жай, коммуналдык жана социалдык маселелер боюнча жарандык укуктун негизинде жарандарды кабыл алууну жүргүзөт;
д) маалымат жана байланыш технологияларын колдонуу менен ведомстволук уюмдардын эсебинен маалыматтык жана документациялык өз ара кызматташууда кызмат адамдары менен арыздануучулардын ортосундагы байланыштын санын кыскартуу.
ККБнын уюштуруу ишмердиги
ККБнын ишмердигин уюштуруу учун жергиликтуу оз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан айыл окмотунун имаратынан тийиштуу жабдуулар (жабдуулар, телефондор, компьютерлер, принтерлер, ксерокстер, маалыматтык стендтер, TV ж.б.) менен камсыздалган, мункунчулукко ылайык биринчи кабаттан озунчо болмо болуп берууну камсыздайт.
ККБда белгиленген графиги боюнча айыл окмотунун кызматкерлеринин ичинен квалификациялык талаптарга жооп берген адистер тарабынан, кызмат корсотуу боюнча функционалдык милдеттер айыл окмотунун башчысы тарабынан кимге жуктолгон болсо, мындан тышкары райондо жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык окулчулуктору тарабынан калкка маанилуулук кызмат корсотуу жургузулот
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат корсотуу учурунда, бир нече уюмдар катышса, айыл окмот башчысы кызмат корсотуучу келишимди, кайрылуучунун жыйынтыктоочу документтерин берген орган менен биргеликте түзөт.
Алыскы айылдардан келген жарандар кезексиз кабыл алуу укугуна ээ. Кабыл алууга баш тартуу мункун эмес.
Борбор тарабынан акылуу жана акысыз кызматтар жонундо калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат корсотуулордун тизмесин болмолорго жайгаштырууну жана жарыяланууну ККБ камсыздайт.
ККБ жайгашкан жайлар кызмат корсотуулордун пайдалануучуларга томонку маалыматтарды жеткирууго арналган маалыматтык тактайча (корнок) менен жабдылат:
а) иш режими жонундо;
б) телефондор жана даректер, анын ичинде –мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана адистеринин электрондук почта даректери;
в) калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги аларды көрсөтүүнүн шартын (акысыз жана акы төлөнүүчү) көрсөтүү менен. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-феврылындагы № 80 токтому менен бекитилген Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин колдонуу зарыл.
Калктын маалыматтуулугун камсыздоо үчүн тиешелүү материалдарды ККБда жайгаштырылган маалыматтык стенддерге жана жарыктандырылуучу таблолорго жайгаштыруу, ошондой эле маалыматык-коммуникативдик технология (МКТ) каражаттарын, электрондук жана басма сөз ММКтарды кеңири колдонуу зарыл.
Кызмат көрсөтүү борборлорунда (ККБ) маалыматтык-
сурап билүүнү камсыздоо
4.1. Маалымат такталары муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө актуалдуу жана ар тараптуу материалдар менен камсылдалышы керек, атап айтканда:
а) кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтердин тизмеси;
б) кызмат көрсөтүү борборлорунда муниципиалдык жана мамлекеттик кызматтарды алууга зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу же мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан бекитилген бланканын формаларын толтуруу үлгүлөрү;
в) көбүрөөк берилген суроолор жана аларга жооптор (1 айда 1 жолудан жаныланып туруусу зарыл);
г) Муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун шарттарын түшүндүргөн эрежелер, блок схемалар жана графикалык сүрөттөр;
д) административдик процедурадан өтүүнү чагылдырган алгоритм, текст жана блок-схема түрүндөгү маалымат;
е) мамлекеттик алымдарды төлөөгө мүмкүн болгон жакын жайгашкан банктык мекемелердин даректери жана мамлекеттик алымдарды төлөө үчүн банктык реквизиттер;
ж) кызмат көрсөтүү борборлорунда муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча юридикалык жана жеке жактарга кеңеш берүүчү ишмердүүлүктү жүргүзгөн кызматкерлердин телефондору.
4.2. Маалымат системалары төмөнкүлөр үчүн:
а) кызмат көрсөтүү үчүн документтерди кабыл алууда колдонулуучу маалыматтарды топтоо жана системалаштыруу;
б) кызмат көрсөтүү процессинде кызмат көрсөтүү борборлору менен мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук формада маалымат алмашуу;
в) кызмат көрсөтүү процесстери.
Маалыматтар ар дайым жарык көрнөктөрдө чагылдырылып туруусу керек (маалыматы менен видеоэкран). Жарык көрнөктөр жарандарды кабыл алууну жүргүзгөн жайга жакын жерде орнотулат.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн субоектилери менен байланыштагы жана ККБнын жумушуна тартылган милдетүү, ыйгарым укуктуу кызматкерди айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ичинен айыл өкмөтүнүн башчысы, ККБнын жооптуу өкүлүн (администраторун) дайындайт.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин милдеттери:
а) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүгө керектүү документтерди кайрылуучудан алат жана каттоо журналына каттоо жүргүзөт, кайрылуучу берген документтердин толук экендигин текшерет жана мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн берилген документтерин кайрылуу ээсине сакталышы жана кайра кайтарылып берилишине толук жоопкерчилик алат;
б) Кызмат көрсөтүүгө катышкан аткаруу бийлигинин (уюму) мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрүнө ККБдан тиешелүү документтерди жеткирүүнү уюштурат, анан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын жеткирүүсүн уюштурат;
в) 3 күндөн кечикпестен каттоодон өткөндөн кийин документ жүргүзүү тартиптерине ылайык айыл өкмөтүнүн жетекчисине же мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүгүнө кайрылуучунун арызын жана документтердин пакетин берет;
г) кайрылуу ээсине суралган документти берет же жүйөөлүү себептер менен баш тартат;
д) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процедуралары боюнча арыз берүүчүлөргө маалымат-кеңеш берүүнү колдоо көрсөтөт.
5.3.ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин укуктары:
а) тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу үчүн керектелген документтерди көрсөтүү толук болбогон учурда, арыз алуу убагында кайрылуучуга кайрылуудагы документтердин пакети толук эмес экендигин билдирип алуудан баш тартат;
б) документтерди берүү учурунда же документтердин пакетин кабыл алууда кайрылуу ээсине төмөнкү учурда баш тартат: эгерде суралган документтерди кабыл алуу укугун тастыктаган же жекелиги тууралуу күбөлүгү, ведомстволор аралык кызмат алуу үчүн (суралган) документтерде көрсөтүлбөсө.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери белгиленген тартипте жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
ККБнын курамындагы калкка кызмат көрсөтүүгө тартылган мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү:
а) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр учурунда жарандар менен өз ара кызматташтыкты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон учурда, ККБдагы милдеттүү жооптуу кызмат адамдарынын катышуусун (жайгаштыруусун) камсыздайт;
б) Келишимдердин, башка ченемдик укуктук актылардын, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарына ылайык, кайрылуучу тарабынан талап кылынуучу документти даярдайт же так шарттарын түшүндүрүү менен жүйөөлүү баш тартат.
в) ККБнын кызматкерлерине керек болгон маалымат базаларына, ошол эле учурда электрондук түрдөгү базаларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат;
г) ККБга даярдалган документти берет же жүйөөлүү себептер менен баш тартат;
д) ушул Типтүү жободо көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге жетишүүнү толук камсыздайт.
Документтерди кароо жана берүү ведомстволор аралык кызмат алкагында тиешелүү ченемдик укуктук актыларга, келишимдерге ылайык белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
Айыл өкмөт башчысынын жоопкерчилиги
Айыл өкмөт башчысы ККБны уюштуруу жана анын иштешин камсыз кылуусуна жеке жоопкерчилик тартат.
Айыл өкмөт башчысы ККБнын ишмердүүлүгү боюнча маалыматты жергиликтүү кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы жөнүндө отчет учурунда берет.
Кошумча кызматтар
7.1. Борбор жайгашкан бөлмөдө, кайрылуучу субоекттердин убактысын чыгымдарын жана материалдык чыгымдарын төмөндөтүү камсыздоо талаптарына ылайык, конкурстук негизинде чарбалык субоектилер менен кошумча (документтердин көчүрмөсүн даярдоо, ж.б.) тиешелүү кызматтарды көрсөтө алат.
7.2. Чарбалык ишмердиктин чөйрөсүндө уруксат берүү мүнөздөгү (кайра каттоо, дубликат берүү, күчүн жоготуу) документтери боюнча ККБ административдик кызмат берүүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу укугуна ээ.
ККБнын ишмердигин мониторинг кылуу
8.1. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча ККБнын ишмердигин мониторингдөөнү жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жаамат менен бирге жүргүзөт.
8.2. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ККБнын ишмердигин мониторингдөөнү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен бирге жүргүзөт.
8.3. ККБда калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү ишмердигин мониторингдөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, өз компетенциясына ылайык жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары тарабынан корсотулуучу муниципалдык кызматтардын базалык реестри
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципал-дык кызмат корсотуунун стандартташ-тырууга жооптуу ыйгарым укуктуу орган | Кызматтарды корсотуучу муницип-алдык мекемелер | Муници-палдык кызмат корсотуу-нун шарттары (акы толонуучу/ акысыз) |
1 | Калктуу конуштагы проспекттердин, аллеялардын, аянттардын, шаардык жана айылдык сейилбактардын, бульварлардын, көчөлөрдүн жана тар көчөлөрдүн аталышы жана аталышын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди берүү | ЖОБ жана этностор агенттиги
| ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |
2 | Жашаган жеринен маалымкат берүү | ЖОБ жана этностор агенттиги
| ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |
3 | Үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат берүү | ЖОБ жана этностор агенттиги | ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |
4 | Бодо малдын болушу жөнүндө маалымкат берүү | ЖОБ жана этностор агенттиги | ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |
5 | Майда жандыктын болушу жөнүндө маалымкат берүү | ЖОБ жана этностор агенттиги | ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |
6 | Турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандарды эсепке алуу жөнүндө, же эсепке алуудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЖОБ жана этностор агенттиги | ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |
7 | Кыргыз Республикасынын жарандарына муниципалдык менчикте турган турак жайды менчикке берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЖОБ жана этностор агенттиги | ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |
8 | Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак жайды мөөнөттүү пайдаланууга берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЖОБ жана этностор агенттиги | ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |
9 | Жарандарды жеке турак жай курулушуна жер участогун бөлүп берүүгө муктаж катары кезекке коюу жөнүндө, же жарандарды кезекке коюудан баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЖОБ жана этностор агенттиги | ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |
10 | Жеке турак жай курулушуна жер участогун берүү жөнүндө чечимдерди берүү, же берүүдөн баш тартуу
| ЖОБ жана этностор агенттиги | ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |
11 | Жеке жана / же юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторун менчикке, мөөнөттүү же мөөнөтсүз пайдаланууга берүү, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЖОБ жана этностор агенттиги | ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |
12 | Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк обоектилерин берүү (менчиктештирүү жолу менен) жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЖОБ жана этностор агенттиги | ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |
13 | Жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган турак эмес жайларды жана кыймылсыз мүлк обоектилерин убактылуу пайдаланууга (ижарага) берүү жөнүндө, же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди берүү | ЖОБ жана этностор агенттиги | ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |
14 | Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагынан каза болгон тургунду (жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн) коюу үчүн көрүстөндөн орун берүү жөнүндө маалымкат берүү | ЖОБ жана этностор агенттиги | ЖОБ аткаруучу органдары | Акысыз |