Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 58
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун жана ФЭБ башчысы Е.Кашкариеванын 2018-жылдын тогуз ай ичиндеги жүргүзгөн иштери тууралуу маалыматы
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун жана ФЭБ башчысы Е.Кашкариеванын 2018-жылдын тогуз ай ичиндеги жүргүзгөн иштери тууралуу
«Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун 2018-жылдын тогуз ай ичинде жүргүзгөн иштери боюнча берген маалыматында кемчиликтер болгондугу, маалыматты толук даярдап чыкпагандыгы, бир нече күндөн бери Чет-Булак айылынын автоунаа жолунун карын түрттүрүп, тазалоо иштернн уюштуруп иш алып барбагандыгын эске алуу менен сөгүш жазасы берилсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге жана салык башчысы Т.Акматова өз милдеттерин так аткарбагандыктарын эске алуу менен кызматтык жаза көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Каргалык айыл өкмөтүнө сырт жактан инвестиция тартуу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Кышка карата даярдык боюнча мектеп жана бала-бакчалар отун, көмүр менен камсыз болгондугу белгиленсин.
5. Айыл чарбасындагы малдын түрлөрүнө, үй канаттууларына жана ит, мышыктарга өз мөөнөтүнөн кечиктирбестен эмдөө жүргүзүп жаткандыгы боюнча маалымат алып туруу жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго тапшырылсын.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |