Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 60
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү типтүү жобону бекитип берүү жөнүндө
«Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө типтүү жобосундагы 9-пунктунун 5-абзацына толуктоо киргизилсин, «жергиликтүү кеңештин өкүлү» 3 депутаттан кем эмес жана 9-пунктунун 6-абзацына «жергиликтүү жамааттын өкүлү» 3 адамдан кем эмес бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Тогуз- Торо районунун Каргалык айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндөгү типтүү жобо бекитилип берилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |