Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 61
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчигинде турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндөгү типтүү жобосун бекитүү жөнүндө
«Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобонун 3-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин; «муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатып алуучуларга Каргалык айыл аймагында катталган юридикалык жактар жана жеке адамдар үчүн артыкчылык берилсин» (жергиликтүү массалык маалымат каражаттарына жарыялоо менен) деп бекитилсин.
2. Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобонун 6-пунктуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин: көрсөтүлгөн комиссиялардын курамына «жергиликтүү кеңештин өкүлү» 3 депутаттан кем эмес жана «жергиликтүү жамааттын өкүлү» 3 адамдан кем эмес деп бекитилсин.
3. Муниципалдык менчикте турган траспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобонун 8-пунктуна төмөндөгү жаңы кошумча абзац киргизилсин; Каргалык айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 22-главасынын 22.4 пунктуна ылайык «Муниципалдык жерлерди, объектилерди жана башкаларды сатуу, ижарага берүү, пайдалануу» коомдук угуулар аркылуу уюштурулсун.
4. Муниципалдык менчикте турган траспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө типтүү жобонун 9-пунктуна «Транспорт каражатын аукцион аркылуу сатууга мүмкүн болбогон учурда, жергиликтүү кеңештин чечиминин негизинде транспорт каражаттарын сатуу жүргүзүлөт» деп өзгөртүлүп жазылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчигинде турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндөгү типтүү жобосу бекитилип берилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |