Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 62
Каргалык айыл өкмөтүнүн Негизги каражаттарына кирүүчү объектилердин, автоунаалар, тракторлор тиешелүү болгон шаймандары жана башкалардын атайын формадагы (инв №, ишке кирген жылы, учурдагы техникалык абалы, чыгарылган жылы, пробег, калдык баа, ж.б.) боюнча
«Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бектен көчөсүнүн күн батыш жагындагы кичи футбол аянтчасы «водхоз» деп тура эмес аталып калгандыгына байланыштуу «Бектен көчөсүндөгү кичи футбол аянтчасы» деп өзгөртүлсүн.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн негизги каражаттарына кирүүчү объектилердин,автоунаалар, тракторлорго тиешелүү болгон шаймандарынын инв № такталып, ар бирине коюлуп, жылдын жыйынтыктоочу отчетуна такталган тизмени камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Мунмиципалдык менчиктин реестрине кирбей калган техникалар ДТ-75 жана Сеялка боюнча тактап реестрге киргизип, кезектеги сессияга толук маалымат берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын лизинг гаражына топтоо 2019-жылдын 1-апрелине чейин жүргүзүлсүн жана лизинг гаражын келечекте муниципалдык менчикке алуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
5. Муниципалдык менчикке өтүүчү мүлктүн өздүк наркын баалап, реестрге киргизип, каттоодон өткөрүп туруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |