Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 63
Бузуулар боюнча иштерди кароо комиссиялары тууралуу типтүү жобону жана комиссияны бекитүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн укук маселелери боюнча башкы адиси А.А.Дүйшеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарын ишке ашыруу максатында аталган кодекстин 313-беренесине таянуу менен Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу типтүү жобо бекитилсин.
2. Каргалык айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын 9 адамдан турган сандык жана персоналдык курамы бекитилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи А.Дүйшеевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |