Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 64
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын 01.12.2018-жылдагы №9 протоколун кароо жөнүндө
«Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотодун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала-бакчаларынын, мектептеринин күз-кыш мезгилине карата толук кандуу иш жүргүзүлбөгөндүгү белгиленсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы бала-бакчалардын башчыларынан, мектептердин директорлорунан түшкөн кайрылууларды эске алуу менен 15-январь 2019-жылга кышка керектүү материалдар менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |