Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 65
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын союзунун 23.08.2018-жылдагы № 104/18 жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 01.09.2018-жылдагы №01-21/1301 каттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Союзга мүчөлүк төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча кайрылууларын карап чыгып жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчө болуп кирсин.
2. Каргалык айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзунун Уставына ылайык жылына 1 жолу калктын санына жараша 1 кишиге 1 сомдон кем эмес мүчөлүк төлөм төлөнүп берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу менен иш алып баруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |