Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 66
Каргалык айыл аймагынын “Тагай” участкасындагы таштанды төгүүчү муниципалдык менчик жайды “Мүлккө муниципалдык менчик обьекттеринин реестрине киргизүү” жөнүндө
«Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын “Тагай” участкасындагы таштанды төгүүчү муниципалдык менчик жайы “Мүлккө муниципалдык менчик обьекттеринин реестрине” киргизилсин.
2. Каргалык айыл аймагынын “Тагай” участкасындагы таштанды төгүүчү муниципалдык менчик жайы “Мүлккө муниципалдык менчик обьекттеринин реестрине киргизүү” жөнүндөгү мыйзамынын 16,19-беренелерине ылайык, “Таза кызмат” муниципалдык ишканасына чарба жүргүзүү укугу менен берилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |