Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 67
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон “Тагай” участкасындагы таштанды төгүүчү жайга төгүлө турган таштандынын расценкасын бекитип берүү жөнүндө
«Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги болгон “Тагай” участкасындагы таштанды төгүүчү жайга төгүлө турган таштандынын баасы боюнча маселе толук кандуу даяр болбогондугуна байланыштуу кийинкиге жылдырылсын.
2. Бул боюнча тиешелүү туруктуу комиссиялар менен биргеликте толук кандуу даярдап кийинки сессияга алып чыгуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |