Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 68
Бүгүнкү күндө “Макмал алтын кен” комбинаты иштебей тургандыгына жана жергиликтүү бюджеттин кирешеси толук түшпөй жаткандыгына байланыштуу Республикалык бюджеттен түшө турган 2 666,7 миң сом компенсцияны беренелерге бөлүштүрүү жана жылдыруу жөнүндө
«Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкаруу тармагынын эмгек акы төлөө 2111 беренесинен 670,0 миң сом кемитилип, компенсация менен төлөнө турган эмгек акы 2111 беренеге 670,0 мин сом жылдырып, социалдык төлөө 2121 беренеден 115,6 мин сом жылдырылып берилсин.
2. Китепкана тармагынан эмгек акы төлөө 2111 беренесинен 45,3 мин сом кемитилип, компенсация менен төлөнө турган эмгек акы төлөө 2111 беренеге 46,1 мин сом жылдырылып, социалдык төлөө 2121 беренеден 8,8 мин сом кемитилип, компенсациянын эсебинен социалдык төлөм 2121 беренеге 8,0 мин сом жылдырылып берилсин.
3. Клуб тармагынын эмгек төлөө 2111 беренесинен 40,4 мин сом кемитилип, компенсация менен төлөнө турган эмгек акы төлөө 2111 беренеге 41,4 мин сом жылдырылып, социалдык төлөө 2121 беренеден 8,2 мин сом кемитилип, компенсациясынын эсебинен социалдык төлөм 2121 беренеге 7,2 мин сом жылдырылып берилсин.
4. Бала-бакча тармагынын курулуш 3111 беренесинен 461,7 мин сом, башкача айтканда, төлөнө турган компенсациядан тамак-аш үчүн 2218 беренесине 200,0 мин сом, коммуналдык чыгым электр энергиясы үчүн 2231 беренесине 261,7 мин сом жылдырылып берилсин.
5. Мектеп тармагынан курулуш 3111 беренесинен 1316,7 мин сом кемитилип, төлөнө турган компенсациядан коммуналдык электр энергиясы үчүн 2231 беренесине 1316,7 мин сом жылдырылып берилсин.
6. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Е.Кашкариевага милдеттендирилсин.
7. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |