Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 69
Каргалык айыл өкмөтүнүн №874 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндөгү жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” 21.04.2015-жылдагы №230 токтомуна ылайык, Казарман айылындагы Кичи футбол аянтчасын, райондук парктын айланасын тосуу, Ж.Акимбаев, М.Исаков, А.Кашкариев көчөлөрүнө кара шагыл төшөө долбооруна каржылоо 20 пайыздык өздүк салымын карап берүү боюнча 2019-жылдын бюджетине сунуштоо жөнүндө
«Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн №874 катынын негизинде “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен Кичи футбол аянтчасын, райондук парктын айланасын тосуу, Ж.Акимбаев, М. Исаков, А. Кашкариев көчөлөрүнө кара шагыл төшөө долбоорун каржылоого 20 пайыздык өздүк салымын кароо 2019-жылдын бюджетинин долбооруна киргизилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |