Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 71
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы МТС муниципалдык ишканасынын 2018-жылдын тогуз айында жүргүзгөн иши тууралуу маалыматы
“Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Молдобековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. МТС муниципалдык ишканасынын директору Ж.Мурзакимовдун 2018-жылдын тогуз айында жүргүзгөн иши боюнча берген маалыматында так эмес, бири-бирине дал келбеген цифралар көрсөтүлгөндүгүн жана кредитке төгүлүүчү сумманын 50 пайызга жетпеген акча каражаты төгүлгөндүгүн белгилеп, ишкананын директору Ж.Мурзакимовго сөгүш жазасы берилсин.
2. МТС муниципалдык ишкананын директору Ж.Мурзакимовго кийинки сессияга толук, так маалымат менен келип отчет берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Молдобековго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |