Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 72
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2018-жылдын тогуз айында жүргүзгөн иши тууралуу маалыматы
“Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Молдобековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын директору М.Өмүрбековдун 2018-жылдын тогуз айында жүргүзүлгөн иши боюнча берген маалыматы эске алынсын.
2. 2018-жылдын 9 айында бекитилген чыгашадан 126700 сом ашыкча пайдаланылганы белгиленсин.
3. «Таза кызмат» муниципалдык ишканасына тиешелүү техникалары сезондук жумушка өз учурунда даяр болбогондугу белгиленсин.
4. «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын директору М.Өмүрбековго тогуз айда жүргүзгөн иштерин эске алуу жана кызматтык автомашинасын өз кызыкчылыгына, менчик иштерине пайдалангандыгын белгилеп, эскертүү жазасы берилсин.
5. Мындан ары дагы бир жолу ушундай иштер кайталана турган болсо, кызмат абалы карала тургандыгы белгиленсин.
6. Айыл чарба техникаларынын кызмат көрсөтүүдөн тушкөн каражаттарынын толук чогулушун камсыз кылуу М.Өмүрбековго милдеттендирилсин.
7. «Таза кызмат» муниципалдык ишканасы менен “Таза Суу” муниципалдык ишканасы жеке кардарлар менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
9. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Молдобековго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |