Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 73
Чет-Булак айылындагы спорт залды О.Чопиев атындагы спорт мектебине өткөрүп берүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун Чет-Булак айылындагы спорт залды О.Чопиев атындагы спорт мектебине өткөрүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 16, 19- беренелерине ылайык, Каргалык айыл аймагынын Чет-Булак айылындагы спорт зал О.Чопиев атындагы спорт мектебине оперативдүү башкаруу укугу менен өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Базаркуловго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |