Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 75
Регламентке ылайык айыл өкмөтүнүн аппараты менен айылдык кеңештин депутаттарынын ортосундагы мамилени талкуулоо жөнүндө
«Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорку инстанциялардан келип түшкөн каттарды Каргалык айылдык Кеңешине өз убагында туура жана так жеткирүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго Кеңешке жөнөткөн каттарынын маани-маңызын дыкаттык менен карап жөнөтүү жагы милдеттендирилсин.
3. Каргалык айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу маселелерге тиешеси бар адамдардын катышуусун толук камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |