Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры № 76
Чет-булак-Казарман каттамындагы автоунаа жолун ачуу жөнүндө
№1 Чет-Булак шайлоо округунан шайланган депутат А.Кайыпбековдун Чет-Булак элинин кайрылуусу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүгүнкү күндө Чет-Булак-Казарман автоунаа жол каттамы үзгүлтүккө учурап тургандыгына байланыштуу үч күндүн ичинде тазалатып, жолду ачып берүү жагы Макмал алтын комбинатынын директору А.Абазовго милдеттендирилсин.
2. Казарман - Чет - Булак - Макмал каттамындагы автоунаа жолун өз убагында токтоосуз тазалатып туруу жагы Макмал алтын комбинатынын директору А.Абазовго милдеттендирилсин.
3. Учурда комбинаттан Чет-Булак айылына чейинки автоунаа жол каттамында өзгөчө кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу МЧСтен акча каражатын карап, 2018-жылдын 25-декабрына чейин жол каттамын ачуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |