Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры № 81
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы МТС муниципалдык ишканасынын директору Ж.Мурзакимовдун отчету
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы МТС муниципалдык ишканасынын директору Мурзакимов Жээнбектин отчетун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. МТС муниципалдык ишканасынын директору Ж.Мурзакимовдун 2018-жылда жүргүзгөн иши боюнча отчету толук болбогондугу белгиленсин жана онуктуруу фондго төгүлүүчү тиешелүү акча каражатын 2019-жылдын 20-январына чейин төгүү жагы милдеттендирилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Молдобековго тапшырылсын.
Төрага | Р. Жунусакунов |