Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-декабры № 82
Үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун жетпеген акча каражатын райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга карата Казарман айылындагы Ж.Акимбаев көчөсүнө кара шагыл төшөө боюнча үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорунун 957549 сомун каржылоого Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. 2019-жылга карата Казарман айылындагы М.Исаков көчөсүнө кара шагыл төшөө боюнча үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталып жаткан долбоорунун 383580 сомун каржылоого Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Жунусакунов |