Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы № 23/1
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/2 10.01.2019-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 10.01.2019-жылдагы № 1-12/2 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарынын Суеркулова көчөсүндөгү номери жок жайгашкан 0,25га жер аянтын шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын Суеркулова көчөсүндөгү номери жок жайгашкан жалпы 0,25га жер аянттын ичинен: 3-05-14-1101-1782 сыр белгиленген 954,0 м2 жана 3-05-14-1001-1783 сыр белгиленген 1576,26м2 шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
2. Тиешелуу иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансына киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |