Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы 23/4
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын №1-12/9 16.01.2019ж. жана №1-12/6 15.01.2019ж. кайрылуу каттары жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык мэриясынын 15.01.2019-жылдагы № 1-12/6 Көк-Жаңгак шаарындагы Гвардейская көчөсүндө жайгашкан 400,0 кв.метр жер аянтын жана 16.01.2019-жылдагы № 1-12/9 кайрылуу катынын негизинде Көк-Жаңгак шаарындагы Конституция 10 үйүнүн жанында 300,0 кв. метр жер аянтын шаардын муниципалдык менчикке бекитип берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын Гвардейская көчөсүндө жайгашкан 400,0 кв.метр жер аянтын шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
2. Көк-Жаңгак шаарынын Конституция 10 үйүнүн жанында 300,0 кв. метр жер аянтын шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
3. Тиешелуу иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансынын реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |