Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы 23/5
Көк-Жаңгак шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 17.01.2019ж. №01/0 кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттары шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун 17.01.2019-ж. №01/0 кайрылуу катынын негизинде ТП-577 подстанциясында жайгашкан 630квттык трансформаторун специалистер жана каражат жоктугуна байланыштуу, ремонт жасоого мумкүчүлүк жок болгондуктан шаардын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин депутаттарынын (VII-чакырылыштагы) кезектеги ХХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын жалпы дарыгерлер практикалык борборунуна караштуу ТП-577 подстанциясында жайгашкан 630квттык трансформатору шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берилсин.
2. Тиешелуу иш кагаздарын тактап коммуналдык менчик департаментинин балансынын реестрине киргизүү жагы КМДнын бөлүм башчысы Ж.Эргашевге жүктөлсүн.
3. Шаардык коммуналдык менчик департаментинин балансынын реестрине киргизилгенден кийн тиешелүү иш кагаздарын даярдап, инвентаризация жүргүзүп, акттын негизинде ОАО «Жалал-Абад электро» ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин. Өткөрүп берүү жагы шаардын жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси Р.Насыровага жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгөө алуу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |