Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-январы 23/6
Көк-Жаңгак шаарынын 2018-жылдын 12-айында жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчету жана 2019-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2020-2021 ж.ж. бюджетинин божомолу (прогноз) жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын жергиликүү бюджетинин 2018-жылга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын сектор башчысы К.Маткаримовдун отчету жана 2019-жылга шаардык бюджетинин киреше, чыгаша бөлүктөрү «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021 ж.ж. божомолу жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, бюджеттик мекеме уюмдарынын берген долбоорунун негизинде түзүлгөнүн жана шаардык 2020-2021-жылдардагы бюджетинин божомол (прогноз) долбоору шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмелеринде каралганы боюнча белгилеп, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VII чакырылыштагы кезектеги ХХIII - сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын сектор башчысы К.Маткаримовдун отчету киргизилен өзгөртүүлөр жана толуктолор менен канаттандырарлык деп кабыл алынсын.
(Тиркеме №1,2 тиркелет)
2. Көк-Жаңгак шаарынын 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 17985,9 ( он жети миллион тогуз жүз сексен беш миң тогуз жүз ) сом, 2020-жылга болжолу 18501,0 (он сегиз миллион беш жүз бир миң) сом жана 2021-жылга болжолу 19448,0 ( он тогуз миллион төрт жүз кырк сегиз миң) сом өлчөмүндө № 1, 2 тиркемелеринин негизинде бекитилсин.
(Тиркеме №3,4 тиркелет)
3. Көк-Жаңгак шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү кирешелер 9855,0 ( тогуз миллион сегиз жүз элүү беш миң) сомду түзүп анын ичинен атайын төлөмдөрдөн түшүүчү кирешелер 2252,8( эки миллион эки жүз элүү эки миң) сом бекитилсин.
4. Республикалык бюджеттен түшүүчү 8130,9 (сегиз миллион бир жүз отуз миң тогуз жүз) сом теңдөөчу грант бекитилсин.
5. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылдын 1-январына калган калдык акча 1410,3 (бир миллион төрт жүз он миң үч жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. 2019-жылдын 1-январына калган 1410,3 ( бир миллион төрт жүз он миң үч жүз) сом калдык акчанын эсебинен:
- коммуналдык менчик департамент аркылуу МТЗ-82 тракторун оңдоого 100,0 миң сом, ЭКО паспорты даярдоого шаардык таштандыларды төөгүчү жайга 75,0 миң сом, өзгөчөө кырдаалдарды жойуга 50,0 миң сом, унааларды ремонт тейлөөсүнө 10,0 миң сом, эпидфонду күтүүгө 30,0 миң сом, шаардын көчөлөрүн жарыктандырууда ЭКО тех.инспекциядан уруксат алуу үчүн 30,0 миң сом, МТЗ-82 тракторуна мамлекеттик номер жана тех.паспорт алууга 5,0 миң сом, муниципалдык менчикте турган мекемелерге гос.акт алуу үчүн 103,3 миң сом, иш сапар чыгымдарына 20,0 миң сом жалпысынан 423,3(төрт жүз жыйырма үч миң үч жүз) сом берилсин.
- шаардык мэриясынын 14.01.2019-жылдагы № 1-12/3 кайрылуу катынын негизинде муниципалдык жер аянтарын Сузак мамлекеттик каттодон өткөрүүгө 30,0 миң сом жана 14.01.2019-жылдагы № 1-12/4 кайрылуу катынын негизинде 15,0 миң сом, 03.12.2018-жылдагы № 1-12/889 кайрылуу
катынын негизинде «Биримдик КЖ» коомдук алдын алуу борборунун бөлмөсүнө маалымат бурчун уюштуруу үчүн 5,0 миң сом, 07.12.2018-жылдагы № 1-12/899 кайрылуу катынын негизинде СПЛМ проект даярдоо үчүн 123,4 миң сом жалпысынан 173,4 ( бир жүз жетимиш үч миң төрт жүз) сом берилсин.
-билим берүү бөлүм аркылуу №4 орто мектебинин директорунун 24.12.2018-жылдагы № 113 кайрылуу катынын негизинде 12,0 миң сом берилсин.
-шаардык мэриясынын 28.11.2018-жылдагы № 1-12/881 кайрылуу катынын негизинде Рабочий көчөсүнөн 1,2 га жер аянтына ген план жасатууга жана мамлекеттик каттодон өткөрүүгө 50,0 миң сом берилсин.
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №131 токтомунун 4 пунктуна ылайык шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин кызматкерлерине 1 айлык эмгек акы 272,1 миң сом төлөнүп берилсин.
- шаардык кеңештин 12.12.2018-жылдагы № 20/1 жана 13.12.2018-жылдагы №21/2 токтомдорун аткаруу масатында 479,5 миң сом берилсин.
Баардыга болуп 1410,3 (бир миллион төрт жүз он миң үч жүз) сом бекитип берилсин.
7. «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына жергиликтүү бюджеттин чыгымдардын көлөмүнө карата 1% чегинде резервдик фонд 157,0( бир жүз элүү жети миң) сом шаардын мэринин эсебине бекитилсин.
8.Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнө (Сейдакматова С.) афганчылардын, 1-2 топтогу майыптардын жана тоголок жетимдердин, ата-энеси майыптардын балдарынын 100%га, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын, бала кезинен майып балдарды 50% га ата-энелер төлөмүнөн (родплата) бошотуу милдеттендирилсин.
9. Бюджеттик мекемелердин 2019-жылдын 1-январына карата пайда болгон кредиттордук карыздары 2019-жылга бекитилген чыгым сметасынын чегинде нөмдүү пайдалануунун эсебинен каржылануусу белгиленип, бюджеттик мекеменин бекитилген сметасында каралбаган чыгымдоолорду каржылоого тыюу салынсын.
10. Көк-Жаңгак шаардык мэриясына жалпысынан 4766,7 (төрт миллион жети жүз алтымыш алты миң жети жүз) сом бекитилсин.
11. Каллка соц.жардам берүү боюнча жөлөк пүл 300,0(үч жүз миң) сом бекитилсин.
12. Көк-Жаңгак шаардык кеңешке жалпысынан 907,6(тогуз жүз жети миң алты жүз) сом бекитилсин.
13. Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментине жалпысынан 2319,6 (эки миллион үч жүз он тогуз миң алты жүз) сом бекитилсин.
14. Шаардык маданият бөлүмүнө жалпысынан 2076,1(эки миллион жетимиш алты миң бир жүз) сом бекитилсин.
15. Көк-Жаңгак шаарынын билим берүү бөлүмүнө жалпысынан 7615,9 (жети миллион алты жүз он беш миң тогуз жүз) сом бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жыл 15 январдагы №7 токтомуна ылайык «Радуга», «Ромашка», «Байчечекей», «Сказка», «Солнышко» балдар бакчаларындагы тарбиялануучуларга 18 сомдон кунунө тамак-ашына жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнсүн, каражаттардын өз учурунда максаттуу пайдаланышына жоопкерчилик шаардын мэрине, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчисине жана балдар бакчаларынын жетекчилерине жүктөлсүн. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Ата-энелерден жана башка спонсордук жардамдардан түшкөн төлөмдөр атайын эсепке түшүрүлүп максаттуу жана мыйзамдын негизинде жумшалсын.
16. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде ар кварталдык жана жылдык отчеттордун аткарылышын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна берилсин.
17. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчисине милдеттендирилсин.
18. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.
19. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б. Маткаримов |